- адамга биринчи омур керек
Адамга биринчи өмүр керек,
Экинчи адамга көңүл керек.
Кем-карчын ойлоочу,
Кыйналсаң колдоочу,
Өмүрлүк жарың керек.
Өзүңдү тандаган,
Өмүрүн арнаган,
Түбөлүк жарың керек.
- Жазым келчи
Күндөрү өтпөй кыштын,
Сагындым жаздын жытын.
Санааркап басып жүрөм,
Сайрашын күтүп куштун.
Кайырма:
Агарган ак булуттар,
Жашоого жамгыр сунаар.
- Кат жазчы мага
Кат жазчы мага,
Бир келген биздин өмүрдө.
Дил бурак арнап,
Токтонуп калган көңүлгө.
Мен күлсөм, күлүп,
Кайгырсам, кошо кайгырган.
Мен өчпөй, өчпөс,
Бир жарык жылдыз жөнүндө.
- Сагындым Сени
Айдыңга ак куулар жол алды,
Сагындым сени.
Жайнады дүйнө да, жаңырды,
Сагындым сени.
Жаз өттү, жалбырак саргайды,
Сагындым сени.
Ак кайың ак мамык жамынды,
Сагындым сени.
- Сен билген жоксун
Алыстан бир сен үчүн келгенимди,
Сыр кылып кызыл гүлдү бергенимди,
Сен билген жоксуң. (2 жолу)
Ичимден сүйөмүн деп айтканымды,
Үшкүрүп үйгө амалсыз кайтканымды,
Сен билген жоксуң. (2 жолу)