Адамдарга КайрылууСүй журтуңду, сүй жериңди, жарыңды
Адалдыкка бер күчүңдү, каныңды
Кыйын чакта кыйган болсоң өмүрдү
Кыяматта калк унутпайт аныңды
Адам пенде акын болбо ашынба
Акмак болбо адалдыкка таш урба
Ансыз деле тирүү жанды ойлонтуп
Ажал деген кылыч турат башыңда
АрзууАк канат карлыгачтай үмүтүмдү
Азгырып кетчү болдуң күнү-түнү
Алоолоп күйүп турган от сыңары
Тагдырдын алтын таажы күлүсүңбү
Арзуу, арзуум, арзуум
Соозулган сылык сыпа мүнөзүңдү
Сооротуп сөзүң менен жүрөсүңбү
Дармансыз дартка толгон жүрөгүмдүн
Атам жана апамаКабарымды күндө сурап баргандан,
Карыкты го карегиңер талгандан.
А мен болсо силерге окшоп жем ташып,
Чымчык болдум өз уямды айланган.
Кайырма:
Андагыдай мойнуңарга артылбай,
Арманым көп ичте жүргөн айтылбай.
Жамгырдагы кусаматЖалганып сезим күйбөстөн
Жанаша бастык сүйлөшпөй
Көнөктөйт жамгыр ансайын
Көңүлү бизге үндөшпөй
Башкабы, айтчы, сыйлаарың?
Башкабы айтчы, кыйбаарың?
Булутуң тарап калкыган
Буркурап, буркурап
Жаштарга
Булбулдар сүйөт гүлдөрдү,
Муңайым гана добуш үндөрдү.
Бурула басып сырдашып,
Шайырдуу жыргал күндөрү.
Ойноп бир гана күлгөн күнөбү,
Ойнобой гана жаштар жүрөбү.
Толгонуп эне тууган жерБабабыз Кошой жердеген
Башынан намыс бербеген
Коңурбай менен Жолойду
Кошойсуз Манас жеңбеген
Алмамбет жаткан Чеч-Дөбөң
Абалтан ыйык жердеген
Ар жылы жайлап Табылды
Аргымак минген кермеден