- бай тилек
Баёо сезим артта калып,
Балалыктан өттүкпү.
Жан дүйнөмдүн аруу, таза,
Табышмагын төктүкпү.
Ар бир кадам алга карай,
Суроо менен ташталат.
Мындан ары бизде дагы,
Ойлончу кез башталат.
- Менин асыл жерим
Көз ачып алгач, жуткам демиңди,
Көкүрөк толуп.
Түбөлүк танбас, туткам дилиңди,
Үмүтүң болуп.
Кадам шилтеп элдин жүгүн артынып,
Мен аптыгып.
Жылдар жылып, максат угам артылып,
Мен талпынып.
- Тажадым
Көкүктө туйлады
Көтөнгө сыйбады
Көңүл менен каздаштым
Кыйбадым
Каректерин жалганчы
Көз жашың - бал тамчы
Көркөмүңө кул болдум
Кайырчы
- Тажадым мен
Көкү рөктө туйлады, көөдө нгө сыйбады,
Көнүл менен касташтым, кыйбадым.
Каректерин жалганчы, көз жашын бал тамчы,
Көркөмү нө кул болдум, кайырчы.
Кайырма:
Тажадым мен, тажадым баарынан,
Чарчадым мен, чалындым багымдан.